Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

“Манас” аэропорту азырынча эл аралык каттамдарга ачылбайт


Республикалык ыкчам штабдын чечими менен 5-июндан тартып ички аба каттамдарын жүргүзүүгө уруксат берилген.
Иллюстрациялык сүрөт.
Республикалык ыкчам штабдын чечими менен 5-июндан тартып ички аба каттамдарын жүргүзүүгө уруксат берилген. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими чыкмайынча, “Манас”, Ош аэропорттору эл аралык каттамдарды кабыл албайт. Бул маалыматты аталган аэропорттун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Алия Курбанова “Азаттыкка” билдирди:

“22-марттан тартып өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилип, чек аралар жабылган. Бул режим азырынча алына элек, чек аралар ачыла элек. Ошондуктан, республикалык штабдын расмий уруксатысыз эл аралык каттамдар кабыл алынбайт”.

Алия Курбанованын маалыматына караганда, өзгөчө кырдаал учурунда аэропортко кыргызстандык жарандарды алып келген жана өз жарандарын алып кетүү үчүн келген чартердик каттамдар гана конууда.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын чечими менен 5-июндан тартып ички аба каттамдарын жүргүзүүгө уруксат берилген.

Айрым маалымат каражаттары Түркиянын "Turkish Airlines" авиакомпаниясы 23-июндан тартып, бир катар өлкөлөргө каттамын жандантарын жазышты. Арасында Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына 23-июндан тартып, жумасына үч ирет каттам болору кабарланган. Маалыматты компаниянын Бишкек кеңсесинен тактоого мүмкүн болгон жок.

Түркия коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык аба каттамдарын 28-марттан тартып токтоткон. 16-майдан баштап 31 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына дарылануу үчүн өлкөгө кирүүгө уруксат берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG