Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:57

Рединг шаарындагы паркта бычак менен кол салууда үч киши набыт болду


Полиция кол салуу болгон жерде. Рединг шаары. 20-июнь, 2020-жыл.
Полиция кол салуу болгон жерде. Рединг шаары. 20-июнь, 2020-жыл.

Британ маалымат каражаттары ишемби күнү Лондондун батыш тарабында жайгашкан Рединг шаарындагы бычак менен кол салуудан үч киши набыт болгонун жазышты. Полиция окуяны терроризм менен байланыштырып жатканын Би-би-си жана "Sky News" маалымдады.

Окуя болгон жерге терроризмге каршы күрөшүүчү кызматкерлер келген. Бирок азырынча кол салуунун себеби так аныктала электигин Би-би-си билдирди. Полициянын маалыматына ылайык, кол салууга шектелип бир киши кармалган. Тартип сакчылары кол салуудан өлгөндөр тууралуу маалымдашкан жок, бирок "Telegraph", Би-би-си жана "Sky News" үч киши өлгөнүн кабарлашты.

Жергиликтүү бийлик башчысы да кол салуунун курмандыктары бар экенин айтып, бирок так саны белгисиз.

«Тартип сакчылары окуя болгон жерде бир кишини кармашты, ал камакка алынды. Жаракат алган бир нече адам ооруканага жеткирилди», – деп маалымдады полиция.

Британ премьер-министри Борис Жонсон “каргашалуу окуядан” жабыркагандар менен тилектеш экенин билдирди. Ал “Твиттердеги” баракчасында ыкчам кызматтын ишине ыраазычылык айтты.

Өлкөнүн ички иштер министри Прити Патель Редингдеги окуяга кабатырлыгын билдирди.

Куралдуу кол салуу болгон паркта 20-июнь күнү расалык теңсиздикке каршы акция болуп өткөн. “Твиттердеги” айрым маалыматтарга караганда, акция куралдуу кол салуудан эки саат мурун аяктаган.

XS
SM
MD
LG