Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Кытай Гонконгдо жаңы улуттук коопсуздук мекемесин түзөт


Гонконгдогу демократияны колдогон жарандар, 9-июнь, 2020.
Гонконгдогу демократияны колдогон жарандар, 9-июнь, 2020.

Кытай бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жараткан Гонконгодогу улуттук коопсуздук жөнүндө жаңы мыйзамдын шарттарын жарыялады.

20-июнда “Xinhua” мамлекеттик агенттиги тараткан билдирүүгө караганда, Гонконг бийлиги аймактын жетекчиси Керри Лэм башында турган улуттук коопсуздук комиссиясын түзөт. Бул мекеме Бээжинге «отчет берет» жана Кытайдын борборунан «көзөмөлдөнөт».

Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам Гонконг полициясына “мамлекеттик бийликти кулатууга, террордук аракеттерди жана чет элдик, сырткы күчтөрдүн таасири менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтиргендерди” кылмыш жоопкерчилигине тартууну ишке ашырат.

Кытай парламенти жергиликтүү мыйзам чыгаруу органын айланып өтүп, май айында мыйзам долбоорун жактырган. Былтыр Гонконгдо демократияны коргоп, административдик аймакта Кытайдын таасири күчөп баратканына нааразы миллиондогон киши көчөлөргө чыккан.

“Xinhua” агенттиги билдиргендей, Лэм улуттук коопсуздукка байланыштуу иштерди карай турган сотторду да дайындайт. Бул мыйзамды сындагандар эми Бээжиндин Гонконгду көзөмөлдөөсү мурдагыдан дагы күчөгөнүн белгилешет.

2019-жылдын июнунда Гонконгдо бир миллиондой адам кылмышкерлерди расмий Бээжинге өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы чыгышкан. Ошондон бери Гонконгдо толкундоолор уланып келет.

XS
SM
MD
LG