Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: Болот Шер элине тутка, калкына канат боло алды  


Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү.
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин мамлекетти башкаруу үчүн түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шердин (Болотбек Шерниязов) каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун таратышты.

Кайрылууда Болот Шердин саясатка, маданиятка, спортко кошкон салымы белгиленип, кыргыз эли орду толгус чоң жоготууга учураганы жазылат.​

“Болот Шердин өмүрү, саясий жана атуулдук ишмердиги өрнөктүү болду. Ал өмүрүн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, демократиялык баалуулуктарды коргоого, маданий жана руханий көрөңгөсүн сактоого жана жайылтууга арнады. Болот элине тутка, эркиндиги чектелип, эл тепселчү маалда калкына канат боло алчу”, - деп айтылат кайрылууда.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2005-2010-жылдардагы саясий окуяларда Болот Шер өлкөдөгү авторитардык, үй-бүлөлүк, коррупциялык бийликке каршы ачык сын айтып, жолдошторуна дем берип турганын белгилешти. Болот Шер 2008-жылы Каркыра боюнча маселеде тайманбай, чагымчыл топтун соккусуна туш болгонуна карабай кайратынан жазбаганы белгиленди.

Көңүл айтуу катында Болот Шер эгемен Кыргызстандын маданий кайра жаралуусунун башында туруп, улуттук спорттун, маданияттын жана адабияттын башкы күйөрманы жана демөөрчүсү катары салым кошкону, анын ичинде көк бөрү оюнун жайылтуудагы салымы белгиленет.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Абдыганы Эркебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Исмайыл Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев, Элмира Ибраимова Болот Шердин үй-бүлөсүнө жана кыргызстандыктарга көңүл айтат.

Болот Шер да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.

21-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер 1959-жылы Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында туулган.

2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. 2005-жылы парламенттин вице-спикеринин кызматын аткарган. «Көк бөрү» федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, 2001-жылдан тартып бир нече жыл бою аталган федерациянын баш катчысы болуп турган. Бир топ мамлекеттик сыйлыктардын ээси. (TSh)

XS
SM
MD
LG