Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:05

Орусия: Конституцияны өзгөртүү колдоо тапса, Путин кайра шайлоого барышы мүмкүн


Орусиянын президенти Влдамир Путин 19-июнь, 2020.
Орусиянын президенти Влдамир Путин 19-июнь, 2020.

Орусиялыктар 1-июлда элдин добуш берүүсүнө коюлчу конституциялык өзгөртүүлөрдү колдосо, президент Владимир Путин кайра шайлоого барууну четке какпайт.

Мамлекеттик «Россия 1” телеканалы менен болгон маегинде орус президентинин айтканы 10 күндөн кийин өтчү жалпы элдик добуш берүүнүн алдында анын келечектеги планын айгинелегендей болду.

“Мен өзүм эч нерсени чече элекмин. Эгер Конституция жол берсе шайлоого катышууну четке какпайм. Көрөбүз” – деди орус президенти.

Путин эгер ал шайлоого барбаса, көптөр "бийликтин мураскери ким болот?" деген суроо менен алек болоруна токтолду.

«Мен азыр ачык айтайын, эгер бул ишке ашпаса, өз тажрыйбамдан билгендей, эки жылдан кийин бийликтин ар кайсы деңгээлдеринде өз ишин аткаруунун ордуна ким мураскер болот деп алаксый башташат”, - деп кошумчалады.

Эксперттердин баамында, Путин ээлеген ордун берем десе, Кремль бири-бири менен тирешкен топтордун ортосунда бийлик үчүн күрөш башталат деп чочулайт. Ошондой эле Кремлдин көз карашында, бийликти консолидация кыла турган бир дагы саясий фигура жок болушу ыктымал.

Июндун башында Путин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жалпы элдик добуш берүүнү 1-июлга белгилеген. Адегенде добуш берүү 22-апрелге пландалып, коронавирус эпидемиясынын айынан кийинкиге калган.

Орусияда 1-июль эс алуу күнү болмокчу. Июндун башында Роспотребнадзор мекемесинин башчысы Анна Попова «коронавирус эпидемиясынын кескин көтөрүлүү баскычы» өткөнүн, вирустун жайылуу ыргагы басаңдаганын билдирген.

Орусиянын Баш мызамына кирчү өзгөртүүлөрдүн бири Путинге 2024-жылдан кийин да 12 жыл бою бийликте калууга жол ачат. Демилге Орусиянын бир катар шаарларында нааразылык акцияларыынын чыгышына түрткү болду. 67 жаштагы Путиндин бийлик башында отурганына 20 жылдан ашты.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн жалпы элдин референдумда добуш берүүчүлөрдүн жарымынан көбү колдого тийиш.

XS
SM
MD
LG