Бишкекте «COVID 19: Билим берүүгө жана илимге кайрадан саресеп» деген аталыштагы биринчи форум өтөт. Иш-чараны уюштуруп жаткан “Онлайн университет” платформасы “Азаттыкка” кабарлагандай, форум үч күн уланат. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, белгилүү адистер жана эксперттер катышат.
Форумда пандемия шартында билим берүүдөгү жаңы көрүнүштөр, онлайн окутуунун өзгөчөлүктөрү, глобалдык атаандаштыкта Кыргызстандагы билим берүүнүн жана илимдин сапатын жогорулатуу тууралуу маселелер ортого салынат. «Мектеп: башкаруу жана окутуу ресурстары», «Жогорку окуу жайлар: өнүгүү багыттары, аккредитация жана онлайн окутуу маселелери» жана «Илимий изилдөөлөрдү жаңы деңгээлге көтөрүү жолдору» деген багыттар боюнча талкуу уюштурулат.
Онлайн форматта өтө турган иш-чарада Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн билим берүү тармактарында иштеп жаткан мекендештерибиз баяндама жасашат.
«Үйрөнүүнү үйрөн» урааны менен иш алып барган “Онлайн университет” мектеп мугалимдерине жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларына кесиптик өнүгүүгө багытталган вебинарларды, түрдүү илим тармагында олуттуу эмгек жараткан окумуштуулардын изилдөөсүн жана табылгаларын тааныштырган маектерди уюштуруп, ошондой эле коомдук актуалдуу көйгөйлөр тууралуу ачык талкууларды өткөрүп келет.
Коронавирус илдетине байланыштуу мектептер 16-марттан баштап карантинге жабылган. (RK)