Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Соңку бир суткада 205 кишиден коронавирус аныкталды (видео)


Коронавируска текшерүү жүргүзүү жараянында тартылган сүрөт.
Коронавируска текшерүү жүргүзүү жараянында тартылган сүрөт.

Кыргызстанда 22-июнда дагы 205 кишиден коронавирус табылды. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, алардын көбү баш калаада:

Бишкек шаары – 82
Чүй облусунда - 33
Ош шаарында – 25
Ош облусунда – 20

Нарын облусу – 19
Ысык-Көл облусунда – 10
Жалал-Абад облусунда – 8
Талас облусунда – 6
Баткен облусу – 2

Соңку бир суткада үч киши оорудан көз жумуп, 10 киши айыкты.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетти. Алардын ичинен 40 адам каза болуп, 2021 сакайды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 22-июнда дүйнөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 928 миңден ашты. Вируска чалдыккан соң 467 670тен көбү жашоо менен кош айтышып, 4 миллион 419 миңден ашууну сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG