Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Жаңы окуу жылы кандай шартта башталары анык эмес

Онлайн сабак ыкмаларынын бири.
Онлайн сабак ыкмаларынын бири.

Коронавирустан улам 2020-2021-окуу жылы кандай шартта башталары азырынча так эмес. Чечим кырдаалга жараша кабыл алынарын, алдын ала божомол жоктугун саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июндагы брифингде айтты.

Кыргызстанда мектептер, окуу жайлар март айынын ортосунда жабылып, апрелден баштап окутуу онлайн жүргүзүлгөн. Сынактар да онлайн ыкмада тапшырылып, окуу жылы аяктады.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды. (SE)

XS
SM
MD
LG