Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Өзгөндө 19 жаштагы жигит селкинчектен жыгылып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт. Бул селкинчектин кабардагы окуяга тиешеси жок.

Өзгөн шаарынын 19 жаштагы тургуну селкинчектен кулап, ооруканада көз жумду. Окуя 20-июнда Сарахсий көчөсүндөгү эс алуу багында болгонун "Азаттык" радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Факт сотко чейинки өндүрүшкө алынып, милиция териштирүүдө.

Аширбаев эс алуучу жай менчик экенин, ээсинин жоопкерчилиги да караларын кошумчалады.

Өзгөн шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бир жыл мурда да ушул жерде бир киши селкинчектен кулап кетип каза тапкан. (DU)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG