23-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Талас облусунда түнкүсүн 14....19, күндүз 28...33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36,
Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 22...27,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3...-2, күндүз 6...11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 18...20, күндүз 33...35 градуска чейин абанын температурасы жогорулайт. Жаан-чачын болбойт.