Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

COVID-19 : Дүйнөдө вирус жуккан эң көп учур катталды


Алматы, 17-июнь 2020-жыл
Алматы, 17-июнь 2020-жыл

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму дүйшөмбү күнү акыркы бир күндүн ичинде коронавирус дагы 183 миңден ашык адамдан табылганын билдирди. Бул - пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды. Ага ылайык, оору жугузуп алгандардын теңинен көбү, 116 миңден ашыгы Түндүк жана Түштүк Америкага туура келет.

Бразилияда акыркы бир күндө вирус 55 миңден көп адамдан аныкталып, рекорддук чекке жетти. Бул өлкөдө оорудан 50 миңдей киши көз жумду. АКШда соңку 24 сааттын ичинде дарт 36 миңден ашык кишиден табылды.

Дүйнө жүзүндө коронавирустан 466 миңден көп бейтап көз жумду. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандарын жалпы саны дүйнө жүзү боюнча 9 миллионго чукулдады.

XS
SM
MD
LG