Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Иран Венесуэлага азык-түлүк жиберди


Ирандык мунай танкери Венесуэланын жээгинде. 25-май,2020-жыл
Ирандык мунай танкери Венесуэланын жээгинде. 25-май,2020-жыл

Ирандын азык-түлүк жүктөлгөн кемеси Венесуэланын жээгине жакындап калды. Ислам жумуриятынын Каракастагы элчилиги кабарлагандай, товарлар ал өлкөдөгү биринчи ирандык супермаркетке коюлат.

Өткөн айда Тегеран Венесуэлага бир жарым миллион баррель күйүүчү май жеткирген. Бир кездери Түштүк Америкадагы ири мунай өндүрүүчүлөрдөн болгон өлкө терең экономикалык кризистен улам бензин тарыштыгынан жапа чегип жатат. Анын үстүнө АКШ киргизген санкциялар да күчөтүлгөн.

Иран ошондой эле Венесуэлага мунай тазалоочу заводдордун ишин жандандыруу жана бензин чыгаруу үчүн зарыл нерселерди жөнөткөн.

Бул эки өлкө тең Кошмо Штаттардын санкцияларына кабылган. Вашингтон эгерде башка мамлекеттер, порттор жана камсыздандыруучу компаниялар ирандык танкерлерге жардам берсе, чара көрүлөрүн эскерткен.

Өткөн жумада президент Дональд Трамп Каракаска карата позиция жумшарып, президент Николас Мадуро менен кездешүү ыктымалдыгын жокко чыгарбады.

Ал эми Мадуро Иранга барып, бир катар келишимдерге кол коёрун буга чейин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG