Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Түрк авиакомпаниялары кыргыз тарапка каттамдарды калыбына келтирүүнү сунуш кылды


Стамбулдагы аэропорт. Май, 2020-жыл.
Стамбулдагы аэропорт. Май, 2020-жыл.

Түркиянын "Turkish Airlines", "Pegasus" авиакомпаниялары Кыргызстан менен аба каттамдарды 1-июлдан тарта калыбына келтирүүнү сунуш кылды. Кыргыз өкмөтү макул боло электигин Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ал коронавирус жуктургандар күн сайын көбөйүп жаткандыктан, эл аралык каттамдарды жандантуу маселеси азырынча күн тартибинде жоктугун айтты.

COVID-19 пандемиясынан улам март айында Кыргызстан эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон. Июндун башынан тартып күнүнө үч маал Бишкек-Ош-Бишкек багытында учак уча баштады.

Чет элдеги кыргызстандыктар күн алыс өкмөт уюштурган чартердик каттамдар аркылуу мекенине келип жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG