Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Британиядагы кол салуудан өлгөндөрдүн бири АКШ жараны болчу


Ридингдеги кол салуудан кийин. 20-июнь 2020-жыл
Ридингдеги кол салуудан кийин. 20-июнь 2020-жыл

АКШнын Лондондогу элчилиги 20-июнда Ридинг шаарында болгон кол салуудан өлгөндөрдүн бири америкалык жаран экенин башыктады. Британ бийлиги үч киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алган кандуу окуяны теракт деп сыпаттаган.

Полиция бычак сайган 25 жаштагы киши абакта экенин билдирди, бирок аты-жөнүн атаган жок. Батыштагы коопсуздук кызматтарындагы булактардын бири "Рейтерс" агенттигине айтып бергендей, полиция ливиялык Хаири Саадалла деген кишини кармаган.

Ал эми Би-би-си аны британ чалгын кызматы билчү деп жазды. Булактардын айтымында, Саадалла 2019-жылы чет өлкөгө аттанууну, болжол менен террордук ишмердикке катышууну көздөп жатат деген сигнал түшкөн.

Британ премьер-министри Борис Жонсон кол салуудан кийин мындай кан төгүүлөрдүн алдын алуу үчүн өкмөт керек болсо мыйзамдарды өзгөртүшү мүмкүн деп билдирди.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG