Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Июнь, Бишкек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери коронавируска каршы дезинфекция иштерин жүргүзүүдө. Июнь, Бишкек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 22 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мекеменин басма сөз кызматы 22-июнда билдиргендей, алар өлкөнүн түрдүү аймагында иштеген адистер. Баары медициналык көзөмөлдө.

COVID-19 диагнозу коюлган кызматкерлер менен байланышта болгон кесиптештеринен, туугандарынан да анализ алынды.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери илдетти жуктургандар 3356га жетип, 40 киши көз жумду, 2021и сакайды.

Оору жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин арасында да көп каттала баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери күнүгө эл чогулган жайларда вируска каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG