Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

БШК кызматкеринен коронавирус аныкталды


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) кызматкеринен 22-июнда коронавирус аныкталып, медициналык көзөмөлгө алынды. Мекеменин басма сөз кызматы имарат дезинфекцияланып, ал жерде иштегендердин баары анализ тапшырганын билдирди. Улгайган кызматкерлер аралыктан иштөөгө жөнөтүлдү.

Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен жаңы вирусту жуктуруп алгандар июндун экинчи жарымында көбөйүп, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин, жетекчилеринин арасында да каттала баштады.

COVID-19 илдетине кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. Андан бери 3356 кишиге жетип, 40 адам көз жумду, 2021и сакайды. (SE)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG