Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Саламаттык сактоо министри: Көрсө, ооруканалар талапка жооп бербейт экен (видео)


Сабиржан Абдикаримов. 22-июндагы брифинг учуру.
Сабиржан Абдикаримов. 22-июндагы брифинг учуру.

Саламаттык сактоо министри Кыргызстанда ооруканалар талапка жооп бербей турганын айтты. 22-июндагы брифингде медицина кызматкерлерине коронавирус жугуу себептери тууралуу суроого жооп берип, бейтапканаларда жуунучу жайлар жоктугун, жугуштуу оорулар бөлүмдөрү начар абалда экенин белгиледи:

«Медиктер алдыңкы катарда иштеп, бейтаптар менен түз байланышта болот, ошондуктан оору жугууда. Көрсө, биздин бейтапканалар заманбап талаптарга такыр жооп бербейт экен. Инфраструктура жок, жуунучу жай жок, ооруканалар эски, жугуштуу оорулар бөлүмү кароосуз абалда. Андан тышкары, медиктер өздөрү да көбүнчө эрежелерди сактабайт, чогуу тамактанышат, аралыкты сакташпайт. Кимдир бирөө үйүнөн вирус алып келет",- деди министр.

Март айынан бери Кыргызстанда COVID-19 диагнозу 582 медицина кызматкерине коюлду. Алардын экөө каза болуп, 387си айыкты.

Өлкөдө өпкөнү сезгенткен жаңы вируска кабылгандар алгач 18-мартта аныкталган. 22-июнда илдетти жуктуруп алгандардын саны 3356га жетти. Бул ооруга кабылгандан соң 40 киши көз жумду, 2021и сакайды.

XS
SM
MD
LG