Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Орусиялык окумуштуу чыккынчылык кылган деген айып менен соттолду


Орусиядагы Борбордук машине куруу илим изилдөө институтун имараты.
Орусиядагы Борбордук машине куруу илим изилдөө институтун имараты.

Орусияда 22-июнда Борбордук машине куруу илим изилдөө институтунун кызматкери Роман Ковалев мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Москва облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, институттун бөлүмдөрүнүн бирин жетектеген окумуштуу жазасын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөйт. Купуя маалыматтар камтылгандыктан, иш жабык каралды. Айыптын мазмуну расмий жарыяланган жок. Өкүм күчүнө кире элек жана нааразы тарап жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берсе болот.

Буга чейин Ковалевдун кылмыш ишин анын мугалими, институттун дагы бир кызматкери, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жаткан Виктор Кудрявцевдин иши менен бириктирилген. Бирок кийин өзүнчө бөлүнгөн. ТАСС кабарлагандай, Ковалев күнөөсүн толугу менен моюнга алгандыктан, иш өзгөчө режимде каралды.

Ал былтыр жайында, Кудрявцев андан бир жыл мурда кармалган. Адвокаттардын айтымында, Кудрявцевге "Брюсселдеги гидродинамика институтуна жашыруун маалыматтарды өткөрүп берген" деген айып тагылган. Ал маалымат куралдын жаңы түрүн чыгаруу үчүн колдонулушу ыктымалдыгы айтылган. Кудрявцев күнөөсүн четке кагып келет. Адвокаттар физик 20 жылдан бери жашыруун маалыматтар менен иштебегенин жүйө келтиришет.

Окумуштуу рак илдетине чалдыкканы белгилүү болгондон кийин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына алынган.

Москванын четиндеги Королев шаарчасында орун алган институт "Роскосмостун" негизги ишканасы.

XS
SM
MD
LG