Президент Сооронбай Жээнбеков “Качкындар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты жазып чыкты. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 14-майда кабыл алган.
Өзгөртүү киргизилген мыйзамда "башпаанек сураган чет элдик жарандарды каттоо Ички иштер министрлигинен алынып, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет" деп жазылган.
Мындан тышкары документте Кыргызстан качкын макамын берүүдөн кайсы учурларда баш тартаары да белгиленген. Мурда качкын макамын берүү тууралуу арызы четке кагылгандар жаңы жагдайлар жок болсо, кайрадан кайрыла алышпайт. Кыргызстандын аймагында оор кылмыш кылгандарга да макам берилбейт. Качкын макамына ээ болуп, бирок өз ыктыяры менен өз мамлекетине же үчүнчү өлкөгө чыгып кеткендер макамдан ажыратылат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Миграция кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпы 208 кишиге качкын макамы берилген. Алардын 96сы Ооганстандан, 79у Сириядан, 24 киши Украинадан, эки киши Ирандан, бирөө Ирактан, төртөө Мароккодон келген. Тажикстан, Түркмөнстан, Эфиопиядан бирден адам бар.
Кыргызстанда чет элдиктерге качкын макамын берүү жараяны алты айдан бир жылга чейин уланат. Макам алган киши үч жылдан соң жарандыкка документ тапшырса болот. Алар кыргыз жарандарындай эле укуктарга ээ. Болгону шайлоого катыша алышпайт жана күч түзүмдөрүндө иштөөгө жол берилбейт. (TSh)