Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Вена: АКШ - Орусиянын курал көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. Вена, 22-июнь 2020-жыл
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков. Вена, 22-июнь 2020-жыл

Кошмо Штаттар менен Орусия стратегиялык куралды чектөө жөнүндө келишимди талкуулашты. Венадагы сүйлөшүүгө катышкан америкалык делегацияны куралды көзөмөлдөө боюнча атайын чабарман Маршалл Биллингсли, Орусияныкын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жетектеп барган. Маалыматка караганда, дээрлик 10 саатка созулган талкуунун жыйынтыктары тууралуу шейшембиде билинет.

Жолугушуунун алдында Москва 2010-жылы кол коюлган азыркы келишимди узартууну сунуш кылган. Ага ылайык тараптар узун аралыкка учуучу ракеталардын өзөктүк дүрмөттөрүн ар бири 1 550 даанадан ашырбоого тийиш.

Эки атомдук держава ортосундагы бул акыркы чоң келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын февралында аяктайт.

Бирок Вашингтон Москва менен түзүлгөн куралды контролдоо боюнча макулдашуулар эскиргенин, келечекте ядролук курал тууралуу келишимдерге Кытайдын да катышуусу керектигин айтып келатат. Ошол эле маалда Бээжин сүйлөшүүлөргө катышуу тууралуу чакырыктарды четке кагып жатат. Кытай атомдук арсеналын кеңейтип келатканы менен АКШ менен Орусияныкына жетпейт.

XS
SM
MD
LG