Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:40

Үч өлкөдөгү кыргызстандыктар бир каттамда кайтышты


Түштүк Кореядан, Жапониядан жана Филппинден кыргызстандыктар Бишкекке кайтышты. Тышкы иштер министрлиги 23-июнда кабарлагандай, жалпысынан 19 киши келди.

"Жарандарыбыз Токио, Манила шаарларынан Сеулга кадимки каттамдар аркылуу, андан ары Алматыга чартердик каттам менен "Air Astana" авиакомпаниясынын учагы менен келишти. Бишкекке атайын автоунаада жеткирилди",- деп кабарлады министрлик.

Алардын баары медициналык кароодон өтүүдө.

COVID-19 пандемиясынан улам март айында Кыргызстан эл аралык жана ички авиакаттамдарды токтоткон. Июндун башынан тартып күнүнө үч маал Бишкек-Ош-Бишкек багытында учак уча баштады.

Чет элдеги кыргызстандыктар күн алыс өкмөт уюштурган чартердик каттамдар аркылуу мекенине келип жатышат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG