Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жээнбаева: мугалимдерге эмгек өргүү акысы техникалык себептен улам кечигүүдө


Мектеп класстарындагы дезинфекция иштери.
Мектеп класстарындагы дезинфекция иштери.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бишкектен башка аймактардагы мугалимдердин баарына эмгек өргүү акылары толук төлөнгөнүн билдирди. Баш калаада техникалык процедураларга байланыштуу азырынча толук бериле элек. Министр бюджеттен 744 миллион сом бөлүнгөнүн, жакын арада төлөнөрүн айтты. Маселе качан чечилерин так белгилеген жок.

Соңку күндөрү Бишкекте мектеп мугалимдери жайкы эмгек өргүү акысын ала албай жатканы тууралуу соцтармактарда жазылып, нааразылык айтылууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда бардык билим берүү мекемелери апрелден тартып онлайн окутуу ыкмасында иштеди.

XS
SM
MD
LG