Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Сауд Арабиясы быйыл чет элдиктерди ажылык зыяратка киргизбейт


Мусулмандар ажылык амалды аткарчу жай - Кааба. Мекке шаары.
Мусулмандар ажылык амалды аткарчу жай - Кааба. Мекке шаары.

Коронавирус пандемиясынан улам Сауд Арабиясы быйылкы ажылык зыяратка чет элдиктерди киргизбейт. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра иштери министрлигинин маалыматына таянып жазды.

COVID-19 вирусунан улам март айында умра зыяратына да тыюу салынган. Жылына дүйнөнүн 180 мамлекетинен миңдеген мусулмандар ажылыкка барышат.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкты чектөөгө байланыштуу азырынча Сауд Арабиясынан расмий кат келе электигин билдирди. Кат келери менен Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб зыяратка барам дегендерге маалымдайт.

Муфтияттын маалыматына ылайык, учурда Кыргызстандан ажылыкка барам деп каттоого тургандардын саны 9500 чамалуу.

Сауд Арабиясы Кыргызстанга былтыр 6110 кишилик орун бөлгөн. Ажылык сапардын акысы 3350 доллар болгон. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG