Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Батукаев иши: Сот отурумунда жарыш сөз уланууда


Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.
Алмазбек Атамбаев, Азиз Батукаев жана Индира Жолдубаева (солдон оңго карай). Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бүгүнкү (23-июнь) сот отурумунда тараптардын жарыш сөзү уланды. Бул тууралуу ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары жарыш сөзгө чыгышты.

17-июндагы сот отурумунда прокурорлор Атамбаевди, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеваны бардык сыйлыктарынан ажыратып, 15 жылдан, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге 13 жылдан жаза чектөөнү соттон сураган.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG