Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар алуу пландалууда


100 АКШ доллары купюрасы.
100 АКШ доллары купюрасы.

Кыргызстан бюджетти колдоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар алууну пландап жатат. Андан тышкары Европа биримдигинен 12,2 миллион доллар күтүлүүдө. Бул тууралуу 23-июндагы брифингде финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

«Бүгүнкү күндө 291,9 млн. АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түштү. Анын 241,9 миллиону Эл аралык валюта фондунан, 50 миллиону Азия өнүктүрүү фондунан келди",- деди министр.

Ошондой эле 56 миллион АКШ долларынан ашуун инвестициялык долбоорлорду тартуу аракети көрүлүүдө.

Министрдин айтымында, өкмөт тарабынан 1-апрелден 22-июнга чейин Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинен 13,9 млрд. сом социалдык иш-чараларга сарпталды.

Коомчулукта акыркы кездери кыргыз өкмөтү эл аралык уюмдардан алган акчанын отчетун ачык айтпай жатат деген нааразылык айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG