Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Жеке секторду каржылоо үчүн сырттан 122,5 млн. доллар алынат


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пандемиядан улам соккуга кабылган жеке секторду колдоо үчүн сырттан насыя алынат. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбева 23-июндагы брифингде айтты.

Дүйнөлүк банк эки долбоорунун алкагында, Азия банкы инфратүзүмдүк инвестициялардын колдоосунда жеке секторду каржылоо үчүн 122,5 млн. АКШ доллар өлчөмүндө узак мөөнөттүү насыя берүүгө даярдыгын билдиришкен.

Европа Инвестициялык Банкы июлда 25 млн. АКШ доллар суммасына агрардык өндүрүштүк-сатуучу чынжырчаларды, чакан жана орто бизнести каржылоо жараянын баштайт.

«Ошондой эле револьвердик фонддун алкагында Финансы министрлиги чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн дээрлик 36 млн. АКШ долларын колдонуу боюнча донорлор менен макулдашууларга жетишти», - деди министр.

Ал Кыргызстанга пандемия учурунда 291,9 млн. АКШ доллары Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан келип түшкөнүн, башка донорлор менен да сүйлөшүү жүрүп жатканын маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG