Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

COVID-19: АКШда 120 миңден ашык киши каза тапты


Нью-Йорк шаары, 20-апрель 2020-жыл
Нью-Йорк шаары, 20-апрель 2020-жыл

Соңку маалыматтарга караганда, АКШда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 120 миңден ашты. Өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында коронавирус жукккан учурлар көбөйдү. Соңку көрсөткүч АКШда акыркы бир жарым айдан берки карантинди жумшартуу аракети оорунун жайылышына алып келиши мүмкүн деген божомолдорду бекемдей баштады.

Техастын губернатору Грег Эббот вирус болуп көрбөгөндөй тездик менен жайылып жатканын эскертти. Бирок губернатор Техаска кайрадан карантин киргизүү акыркы чара болорун айтып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Ал тапта убагында АКШдагы эпидемиянын очогуна айланган, дээрлик 22 миңдей бейтап көз жумган Нью-Йоркто 22-июндан тартып карантин чараларын жумшартуунун кезектеги баскычы башталды. Ага ылайык, штатта соода жайлары, жайкы террасасы бар ресторандар, чачтарачтар ачылды жана айрым кеңсе кызматкерлерине жумушка барууга уруксат берилди.

Дүйшөмбүдө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус жугузуп алгандардын саны эң жогору чекке жеткенин билдирген.

23-июнга карай өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандар дүйнө жүзүндө 9 миллион адамдан ашты. COVID-19 471 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG