Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда сүрөткө беткапсыз түшкөндөрдүн ичинен 28 адамга айыппул салынды. Бул тууралуу 23-июнда “Азаттык” радиосуна Бишкектин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча борборунун жетекчи орун басары Мира Курманова билдирди:
"“Бузуулар жөнүндө” кодекске ылайык 28 протокол түзүлгөн. Ар бирине 5 миң сомдон. Протоколдор тапшырылган. “РСК-банкка” төлөшөт. Дүмүрчөктөрдү азырынча алып келише элек”.
Мекеменин маалыматына караганда, айыппул салынгандар арасында мурдагы жана азыркы өкмөт башчылар Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, вице-премьер-министрлер жана өкмөттүк аппараттын бөлүм башчылары бар.
Мурдагы премьер-министр Абылгазиевди узатып жатып Өкмөт үйүнүн алдында түшкөн жамааттык сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Айрымдар сүрөттөгү экс-премьер-министр баш болуп вице-премьерлер жана башка жүзгө чукул кызматкердин биринде да беткап жоктугун жана коопсуздук аралыгы сакталбаганын сынга алышкан.
Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов бардык кызматкерлер күн сайын ишке киришер алдында дене табы текшерилип, тиешелүү көзөмөлдөн өтөрүн, аппаратта санитардык талаптар бекем сакталарын “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирген.
19-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавируска кайдыгер мамиле күч алганын белгилеп, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшкөнү илдетке каршы күрөшүүдөгү аракеттерди текке кетиргенин айтып, сындаган.
Боронов "Бир сүрөт алты айлык ишибизге көлөкө түшүрдү" деген. (RK)