Орусияда тыңчылык үчүн соттолгон америкалык Пол Уилан өкүмдү талашып апелляция бербейт жана жакын арада АКШда соттолгон орусиялыктарга айырбашталарынан үмүттөнөт. Бул тууралуу адвокат Владимир Жеребенков 23-июнда билдирди. Анын айтымында, Уилан Орусиядагы сот адилеттүүлүгүнө ишенбейт.
Адвокат Уилан Орусия президентинен ырайым сурап же сурабасын чече электигин кошумчалады.
15-июнда Москва шаарынын соту Уиланды тыңчылык үчүн айыптуу деп таап, 16 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.
АКШнын мурдагы деңиз аскери 2018-жылдын декабрында Москвада кармалган. Тергөөчүлөр анын жанында мамлекеттик купуя маалыматтар камтылган флешка табылганын айтышкан.
Уилан күнөөсүн моюнга албай, ишти чагым деп атап келди.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео өкүмдү айыптап, аны дароо бошотууну талап кылды.
Буга чейин орус маалымат каражаттары Москва менен Вашингтон Уиланды Кошмо Штаттарда узак мөөнөттөргө кесилген орус жарандары Константин Ярошенко жана Викто Бутка алмашуу ыктымалдыгын талкуулап жатканын жазышкан.