Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:08

Талас ИИБ: жарандык активист түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалды


Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Динара Сарногоева “Азаттык” радиосуна жарандык активист Айбек Бусурманкулов "Жерүй" алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жатканына байланыштуу кармалганын маалымдады.

Сарногоеванын айтымында, пандемияга байланыштуу санитардык эрежелер боюнча активистке түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

“Митингге чакырып, чогулуш уюштурабыз деген маалыматтар бар болчу. Ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалды”.

Мекеменин басма сөз кызматкери жарандык активист качан кое берилерин жана башка маалыматтар тууралуу кечирээк кабар бере турганын айтты.

Буга чейин Айбек Бусурманкулов Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенин жанында жүргөн активисттер кабарлаган. Алардын айтымында, Айбек Бусурманкулов Талас районунун ички иштер бөлүмүнө саат жетилер чамасында алып келинген.

Айбек Бусурманкулов баштаган жергиликтүү активисттер 24-июнда Талас районунда Жерүй алтын кени боюнча жыйын өткөрүшмөк.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG