Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Ош: рейд учурунда жумушка тартылган 60 өспүрүм аныкталды


Ош. Милициянын рейд учурунда тартылган сүрөт. 2020-жыл. 19-июнь.
Ош. Милициянын рейд учурунда тартылган сүрөт. 2020-жыл. 19-июнь.

Ош облусунда милиция 17-19-июнь күндөрү “Өспүрүм-эмгек” деп аталган рейд жүргүздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ 60 өспүрүм эмгекке тартылганы аныкталды. Алардын ичинен 58 бала түрдүү жумуштарда, эки өспүрүм начар шартта иштеп жаткан. 28 бала ата-энесине жеткирилип, 32си Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын-алуу борборуна алып келинди. Балдар боюнча учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Милиция тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен Ош облусунун аймагында 46 соода-сатык борборун, үч автобекет жана темир жол бекеттери, 19 автоунаа жуучу жай, үч курулуш жүрүп жаткан кѳп батирлүү турак үйлөр сыяктуу жайларды кыдырган.

Кыргызстандын калкынын 36 пайызын жашы 18ге жете элек өспүрүмдөр түзөт. 2015-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, өлкөдөгү балдардын 40 пайызы жакырчылыкта жашайт. Ошол себептен алар жаш кезинен жумушка тартылат.

2019-жылдагы ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 26,7% эмгекке тартылган. Айыл жергесинде жашаган балдар шаарда тургандарга караганда көп иштегенге мажбур болушат. (TSh)

XS
SM
MD
LG