Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Жумалиевдин Жапыкеевге каршы доо арызы боюнча сот уланууда   


Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев.
Сыймык Жапыкеев жана Кубанычбек Жумалиев.

Бишкектин Ленин райондук сотунда 23-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча сот отуруму болду. Бул тууралуу Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев маалымдады.

Анын айтымында, сот отурумунда жооп берүүчү тарап депутаттын байлыгы жөнүндө буга чейин айткан сөздөрүнө далил келтирген эмес.

“Чоң казат” кыймылынын мүчөлөрүнүн бири, адвокат Канат Хасанов сот отурумунан кийин "Фейсбуктагы" баракчасында депутат Жумалиев байлыктарын туугандарына каттатканын жана алар жөнүндө маалымат талап кылышаарын жазды. Кийинки сот отуруму 29-июнга белгиленди.

Жумалиев «ар-намыска шек келтирүү» деген негизде мурдагы прокуратура кызматкери, активист Сыймык Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатат.

Жапыкеев баштаган “Чоң казат” деп аталган кыймылдын мүчөлөрү Кыргызстандагы бир нече саясатчынын атын атап, аларды "күмөн жол менен байыган" деп айыптаган. Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турган учурда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. (TSh)

XS
SM
MD
LG