Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Өлкө боюнча элүүдөй сот орун алмашат


Президент Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңеши тарабынан сунушталган айрым судьялардын орундарын которуу туралуу жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жарлыкка ылайык, судьялардын штаттык саны өзгөрүп, жалпысынан 48 судья орун алмашты. Башкача айтканда, айрым шаардык, облустук соттордун судьялары ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүн райондук соттордо улантышат.

Бул жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн оптимизациялоо үчүн жасалды. Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруу үчүн Жогорку сот айрым иши азыраак жергиликтүү соттордун штатын кыскартып, оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизген.

Бул сунушту баскыч-баскычы менен ишке ашырууну президент жана парламенттин бир катар депутаттары колдоого алган. Жогорку Кеңеш тарабынан «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун штаттык санын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам алынышы демилгеленип, мыйзам 2020-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген.

Судьялар кеңешинин судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча чечими бардык жагдайларды жана алардын жаңы иш ордунда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат. Президенттин жарлыгы менен орун которуучу соттордун тизмесин бул жактан окуңуз. (TSh)

XS
SM
MD
LG