Улуттук банк коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн кесепетин жумшартуу максатында коммерциялык банктар үчүн насыялык аукцион өткөрдү. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жайгаштырылды.
Маалыматта айтылгандай, аукциондо сунушталган насыялык ресурстардын жалпы суммасы 1 млрд. сом болду:
“Кредиттик аукцион COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс кесепеттерди жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында өткөрүлдү. Жыйынтыгы боюнча жайгаштыруу көлөмү 500 млн. сомду түздү. Бул каражат максаттуу багытка ээ жана ишкерликти колдоого, жүгүртүү капиталын каражат менен камсыз кылууга жумшалуусу зарыл. Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чен 10% деңгээлинде аныкталган”.
Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын беш айында 13,3 миллиард сом бюджетке түшпөй калды. Ал эми жылдын аягына чейин бул көрсөткүч 27,6 миллиард сомго чейин жетет болжолдонууда.
Кыргызстанда 23 банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания.
Коронавирус инфекциясы өлкөдө 18-мартта алгач катталган. Көпчүлүк аймактарда бир айга жакын убакыт өзгөчө абал жарыяланып, ишкана-мекемелердин иши убактылуу токтотулган, ал эми өзгөчө кырдаал режими дале уланууда. (RK)