Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

ӨКМ: Баткенде көмүр шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде көмүр шахтасында төрт адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсык 23-июнда Сүлүктү шаарында болгон.

“Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек жана бир аял киши газга ууланып каза болду. Жаш курагы боюнча эң кичүүсү 19, эң улуусу 73 жашта болчу.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин алты куткаруучусу тартылган. Алар каза болгондордун сөөгүн шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон.

Сүлүктү шаарында быйыл да шахтада өрт чыккан учурлар катталган. (RK)

XS
SM
MD
LG