Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Кара-Кулжа РИИБнүн башчысынан коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы облустук штабдын маалыматына караганда, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинен COVID-19 вирусу 23-июнь күнү аныкталган. Учурда ал Ош облустук ооруканасында дарыланууда.

Маалыматтарга караганда, жалпы район боюнча 21 адам коронавирус жуктуруп алган. Бир адам оору жуктуруп алгандан кийин көз жумган.

Штабдын маалыматына караганда коронавирус илдетине Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн дагы бир кызматкери да чалдыкканын кабарлады.

24-июнга карата COVID-19 илдетине чалдыккан милиция кызматкерлери тууралуу так маалымат жок.

25-май күнү ИИМ коронавирус илдетине 65 милиция кызматкери чалдыкканын маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG