Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдар менен байланышта болгондордун саны бир күндө дээрлик миң адамга көбөйдү. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 24-июнга карата бул көрсөткүч азыр 15 миң 65 адам. Бир күн мурда 14 миң 148 болчу.
Бул сан өлкөдөгү эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгына жараша улам өзгөрүп турат.
18-марттан 24-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 3 миң 726 адамдан табылды, алардын 2 миң 82си айыгып чыкты, 42си кайтыш болду.
Оору жуккандардын арасынан 623ү азыркы тапта ооруканада жатат, 12синин абалы оор болгондуктан реанимацияда. 979 бейтап оорунун белгилери анча байкалбагандыктан үйдөн дарыланууда. (RK)