Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Жээнбеков Москвадагы парадга катышкан жок


Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы коронавируска анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты.

Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка караганда, "Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды".

Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Ага бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан.

Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган.

Парадга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун жоокерлери катышты. (RK)

Кыргызстандын аскерлери Москвадагы парадда.
Кыргызстандын аскерлери Москвадагы парадда.

Пикирлерди көрүңүз (62)

XS
SM
MD
LG