Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Путин байлардын салыгын көтөрүүнү сунуш кылды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин кирешеси 5 миллион рублдан (72,700 доллар) ашкан жарандарга салыкты азыркы 13 пайыздан 15 пайызга көтөрүүнү сунуш кылды. Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча реферундумга бир жума калганда жасаган кайрылуусун президент Путин өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга арнады.

Анын айтымында, муну менен жылына 60 миллиард рублга (864.6 миллион доллар) көбүрөк салык чогултулат. Бул каражатты сейрек илдеттерге кабылган балдарды дарылоого жана медициналык техника сатып алууга жумшоо сунуш кылынды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы (Радио Свобода) сөзгө тарткан эксперттер белгилегендей, салыкты көбөйтүү калктын 1 пайызына жетпеген жарандарга таасир этет.

Киреше салыктын азыркы 13 пайыздык чеги 2001-жылы Путиндин биринчи президенттик мөөнөтү учурунда киргизилген. Ошондон бери өзгөртүлгөн эмес.

Пандемия маалында жумушсуз калгандарга колдоо көргөзүү өңдүү бир топ социалдык маселелерди козгогон кайрылуусун Путин калкты 1-июлдагы референдумга катышууга үндөө менен аяктады.

Добуш берүүгө алынып чыккан алымча-кошумчалар колдоо тапса, өлкөнү 20 жылдан бери башкарып келаткан Путиндин 2024-жылдан кийин дагы эки ирет мамлекет башчылыкка шайлануусуна жол ачылат.

Оппозиция референдумду президенттин бийликте калуу амалы катары баалап, орусиялыктарды жалпы элдик добуш берүүгө катышпоого чакырып келатат.

XS
SM
MD
LG