Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Абакта отурган экс-депутат Осмоналиев коронавируска анализ тапшырды


Каныбек Осмоналиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган экс-депутат Каныбек Осмоналиев абалы начарлап, коронавируска анализ тапшырды.

Мекеменин басма сөз кызматы 24-июнда кабарлагандай, шейшемби күнү ага "Тез жардам" чакыртылган:

"Учурда Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык. Ага тиешелүү медициналык текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен дарылануудан өтүүдө. Ошондой эле Осмоналиев COVID-19га карата ПЧР анализ тапшырды".

Маалыматта УКМК кызматкерлери өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу тиешелүү медициналык текшерүүдөн тынымсыз өтүп жатканы белгиленди.

Парламенттин мурдагы депутаты Осмоналиев быйыл 2-мартта Бишкекте камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. 170ке жакын адам кармалып, Осмоналиев менен кошо дагы үч кишини камакка алынган.

27-майда акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын тергөө абагында жаткан айрым мурдагы жетекчилерден кабар алган. Осмоналиев ага ден соолугу начар болуп жатканын айтып, далил катары Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын медициналык аныктамасын көрсөткөнүн айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG