Журналисттердин укуктарын коргогон уюмдар пакистандык эки кабарчы куралдуу кошуундар тарабынан кыйноого туш болгонун билдиргенден кийин күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөштү.
"Samaa News TV" каналынын кабарчысы Саид Али Ахакзай жана "Khyber News TVнын" кабарчысы Абдул Матин Ахакзай Ооганстан менен чек арадагы карантин борборундагы начар абал тууралуу репортаж жасап жаткан жеринен кармалган. Алар Белужистан провинциясында үч күн кармоочу жайда жатып, ошол жерде уруп-сабоого туш болгонун айтышкан.
Саид Али “Машал” радиосуна журналисттер репортаж тартып жатканда аларды террорчулукка каршы күчтөрдүн аскерлери кармап кеткенин билдирди.
Кветта аймагындагы Чаман районунун жетекчилеринин бири Башир Баречи журналисттерди "жалган маалымат таратышкан жана социалдык тармактарда анын дарегине акарат келтирген постторду жазышкан" деп айыптады. Анын айтымында, кабарчылар коомдук тартипти бузганы үчүн кармалган.
Пакистан журналисттеринин федералдык биримдиги Белужистан бийлигин окуяны териштирүүгө, жооптууларды кармоого чакырды.
"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму журналисттерди кыйноо фактысын катуу айыптады.
Уюмдун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Пакистан 180 өлкөнүн арасынан 145-сапка жайгаштырылган.