Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

Улуттук консерваториянын директору кызматына төртүнчү ирет конкурс жарыяланды


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Билим берүү жана илим министрлиги Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын директорлук кызматына конкурс жарыялады. Бул кызматка талапкерди 2-июлга чейин билим берүү мекемелери жана каалоочулар өздөрүн өздөрү көрсөтө алышат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Төөлөсбай Абылкасымов билдирди. Анын айтымында консерваториянын жетекчилигине конкурс төртүнчү ирет жарыяланып жатат, бирок талапка ылайык жетекчи табылбай калууда.

Кыргыз мамлекеттик консерваториясы президенттин жардыгы менен 1993-жылы түзүлүп, 1998-жылы “улуттук” деген макам ыйгарылган. Аны белгилүү композитор, Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиев үзгүлтүксүз жетектеп келатат.

Жогорку Кеңеш 2018-жылдын 21-июнунда кабыл алып, президент кол койгон “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдагы өзгөртүүлөргө ылайык, жогорку окуу жайлардын жетекчилигине талапкерди жамаат шайлайт. Жамааттын шайлоого катышкан бөлүгүнүн 50 пайыздан ашыгы колдогон адам жетекчиликке талапкер деп эсептелет. “Улуттук” деген макамы бар окуу жайга тандалган талапкерди премьер министр өзүнүн буйругу менен бекитет.

Учурда иштеп жаткан жетекчи конкурска катыша албайт. (MSd)

XS
SM
MD
LG