Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Шаардык сот экс-мэр Кулматовду үй камагынан чыгарды


Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов
Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов

Бишкек шаардык соту 24-июндагы отурумунда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун, «Альто Групп» компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагынан чыгарды. Калган жазаларын өзгөртүүсүз калтырды.

Албек Ибраимовго карата да Ленин райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калды. Бул тууралуу айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев "Азаттыкка" маалымдады.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баштаган мамлекеттик жана жеке ишкерлер Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушундагы коррупция боюнча айыпталып, Ленин райондук соту аларга өкүмдү 23-декабрда чыгарган. Өкүмгө ылайык Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салынып, камактан бошотулган. Акчалай айып Кубатбек Шаршекеевге да чегерилип, ага 180 миң сомдук айыппул салынган. Райондук сот бул кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын ичинен Албек Ибраимовдон башка 11 соттолуучуну сот залынан бошоткон.

Ал эми мурдагы мэр Албек Ибраимов мектеп курулушундагы коррупцияга жана "Дастан" ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Райондук соттун өкүмүнө соттолуучулар да, айыптоочу да макул эместигин билдирип, шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Бишкек шаардык соту арыздарды кароого 7-февралда киришкен.

Бишкектин мурдагы эки мэри 2018-жылдын жай айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Алар өздөрүнүн күнөөсүз экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын баса белгилеп келатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG