Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы милиция облус аймагында санитардык эрежелерге байланыштуу рейд кылып жатканын билдирди.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Бузуулар кодексинин 293-беренесине (“Ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери, аныктамаларын же талаптарын аткаруу тартибин бузуу”) менен 16 протокол, 150-беренеге (“Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу”) ылайык бир проткол түзүлдү. Натыйжада үч жаранга эскертүү берилип, 13 жаранга 39 миң сом айып пул салынды. Алар үй карантининин талаптарын бузушкан.
Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап облус боюнча Жоруктар кодексинин 1191-беренеси (“Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган төрт иштин үчөө кыскартылды. Ал эми 1271-берене (“Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган төрт иш боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Милиция жарандарды карантиндик эрежелерди бузбоого чакырат. (TSh)