Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Акыйкатчы аппаратынын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды


Омбудсмен аппаратынын дагы бир кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталганын басма сөз кызматы маалымдады. Учурда илдет жуктуруп алган инспектор обочолонууга кетти.

Маалыматка караганда, буга чейин аппараттын бөлүм башчыларынын биринен коронавирус аныкталган. Тазалык жана коопсуздук чаралары көрүлгөн. Айрым кызматкерлер аралыктан иштеп атышат.

"Кыргыз Респубикасынын омбудсмени жөнүндө" мыйзамга ылайык, Акыйкатчы институту өзгөчө абал же аскердик абал жарыяланган учурда деле ишти токтотпойт. Омбудсменге арыз-муң менен кайрылчу кишилер 115 ыкчам номуруна байланышса болот.

Соңку күндөрү өлкөдө парламент, президенттик аппарат баштаган бир нече мамлекеттин органдардын кызматкерлеринен коронавирус аныкталды.(TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG