Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Оболбек Осмонбеков Ат-Башыдан Бишкекке жөө чуркап келди


Оболбек Осмонбеков. Бишкек. 24-июнь, 2020-жыл.
Оболбек Осмонбеков. Бишкек. 24-июнь, 2020-жыл.

Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков 400 чакырым аралыкты беш күндө чуркап өттү. Ал сапарын 19-июнь күнү Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан баштап, 24-июнда Бишкекке келди. Жөө күлүктү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев баш болгон спорт ышкыбоздору жана журналисттер тосуп алышты.

Осмонбеков өзүнүн бул жүрүшү аркылуу жаштарды спортко үндөгүсү келгенин билдирди: “Жаштар ооруу сыркоодон алыс болсун деп, аларды спортко тартуу үчүн ушул марафонго чыктым. Ден-соолугум жакшы, бирок, бир аз чарчадым. Күйөрмандар жакшы колдоо көрсөтүп, мени жолдон тосуп алып мейманкаларга жаткырышты".

Оболбек Осмонбеков 44 жашта. Ал ультрамарафондорго 2017-жылдан бери катышып келатат. Алдыда Соң-Көл багытында чуркоону пландап жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG