Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Пакистан: Иликтөө кырсыктаган учактын учкучтары пандемияны сөз кылып алаксып калганын көрсөттү


Учак кырсыгы болгон жер. Карачи шаары. 22-май, 2020-жыл.
Учак кырсыгы болгон жер. Карачи шаары. 22-май, 2020-жыл.

22-майда кырсыкка учураган пакистандык учактын учкучтары пандемия жөнүндө сүйлөшүп отуруп алаксып калышкан. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги кырсыктын себептерин иликтеген комиссиянын алдын ала тыянагына шилтеме жасап билдирди.

"Пакистан эл аралык аба жолдору" компаниясынын "Airbus A320" лайнери Карачи аэропортуна конуу маалында турак жайларга кулап түшкөн. Борттогу 99 кишинин 97си мүрт кеткен. Жергиликтүү гезиттердин бири жердеги өспүрүм кыз кийин ооруканада каза болгонун жазган.

Комиссиянын алгачкы бүтүмүнө ылайык, кырсыкка экипаждын жана жердеги кызматтардын катачылыгы алып келген. Диспетчерлер учкучтарга дагы бир айланып конууну айтышкан. Бирок экипаждын командири учакты отургуза аларын айтып, экинчи учкуч менен коронавирусту талкуулоону уланткан. Кара кутудагы маалымат ошондой эле учактын дөңгөлөктөрү түшүрүлүп, кийин кайра көтөрүлгөнүн көргөздү.

Лайнердин эч кандай техникалык мандеми болбогону, учкучтардын саламаттыгы жакшы болгону айтылды. Айрым адистер экипаж мүчөлөрүнүн жакындары илдетке чалдыккан болушу мүмкүн деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG