Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Трамп нааразылык акцияларга чыккандарды "солчул бейбаштар" деп атады


Трамп Аризонадагы жолугушууда. 23-июнь 2020-жыл
Трамп Аризонадагы жолугушууда. 23-июнь 2020-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп расалык теңсиздикке жана полициянын зомбулугуна нааразы акцияларга катышкандарды "Америкага каршы чыккан кишилер" деп дагы бир жолу атады.

Президент 23-июндун кечинде Аризонада шайлоо кампаниясынын алкагында эл менен жолугушууда “солчулдардын тобу” теңсиздикке каршы күрөшкө жамынып, башаламандык, тополоң жаратууга аракеттенген деп сындады.

“Алар биздин баалулуктарды, америкалыктар даңазалаган принциптерди жек көрүшөт. Биз солчул бейбаштарга багынбайбыз", - деди Трамп.

3-ноябрдагы президенттик шалйоо алдындагы сурамжылоолордо демократтардын талапкери Жо Байденден артта келаткан Трамп АКШда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө өткөн акциялардын катышуучуларына каршы “мыйзам жана тартип” деген позицияны карманган.

Акциялар Миннесота штатында ындыкара жаран Жорж Флойд полициянын колунан каза тапкандан кийин тутанган.

Айрым жерлерде акциялар тополоң, талап-тоноолор менен коштолгон.

XS
SM
MD
LG