Жалал-Абад облусунда дарыяга түшүп кеткен жигитти издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу 25-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 14-июнда Аксы районунун Кум айылында болгон. Нарын дарыясына 17 жаштагы жигит түшүп кеткен:
"16-июндан бери Таш-Көмүр шаарынан жана Аксы районунан ондогон куткаруучулар тартылган. 24-июнда туугандарынын ыраазычылык катынын негизинде издөө иш-чаралары токтотулду".
Кыргызстанда 2019-жылы өлкөдө 148 адам сууга чөгүп кеткен (107си жайкы сезондо), алардын 25и 12 жашка чыга электер болчу. (RK)