Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика-Ата-Журт" саясий партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун "демократияга каршы жазылган чагымчыл, аткарылбай турган" долбоор деп атады. Муну ал өкмөт тарабынан каражаты жана аны ишке ашыра турган органдары аныкталбагандыгы менен негиздеди. Депутат долбоордун аталышы эле чагымчыл экенин белгилеп, ага каршы добуш берүүгө депутаттарды чакырды.
Депутат Элвира Сурабалдиева виртуалдык фейктердин ордуна турмуштагы фейктер менен күрөшүү зарылдыгын белгиледи: “Интернетке чыккан маалыматтар көп учурда чын чыгат. Муну коронавирус пандемиясы учурунда да көрдүк. Соцтармактарга чыккан маалыматтарды текшере келгенде алар чын чыгып жатты. Ошондуктан, биз бул мыйзамды жамынып алып, сөз эркиндигин чектебешибиз керек. Интернет чыныгы атаандаштык, маалымат атаандаштыгына жол бергиле”.
Долбоорго каршы добуш берүүгө жарыш сөздөрүндө депутаттар Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко да чакырышты.
Сессияда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып долбоордун авторлорунун бири, депутат Гүлшат Асылбаева долбоор сөз эркиндигин чектөөгө эмес, адамдын ар-намысын, абийирин коргоого багытталганын айтып жатат.
Өкмөттүн өкүлдөрүнүн катарында сессияга катышып жаткан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Нуржигит Кадырбеков мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин деле анын үстүндө иштөө зарылчылыгы болорун эскертти.
Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап жатат.
Парламенттин алдына бир катар активисттер мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, митингге чыгышты. "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү укук коргоочу уюмдар жана жарандык активисттер каршы пикирин билдиришкен. Соцтармактарда "Гүлшат Асылбаева, мен мыйзамга каршымын, бирок мен фейк эмесмин" деген акция жүрүп жатат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган.
Документте Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.
«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. «Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган. (ZKo)